Menu

Хивада тарыхый эстеликтин бузулганы боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

«Таш-Хаули» сарайы

Хорезм облустук прокуратурасы Хива шаарындагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген байыркы «Таш-Хаули» сарайынын дубалдарынын бузулганы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Өзбекстандын Маданият министрлигине караштуу маданий мурастар башкармалыгынын өкүлү билдирди.

Анын айтымында, «Таш-Хаули» сарайы жайгашкан «Ичан-Кала» мамлекеттик музей-коругунда атайын бекитилген долбоорсуз жана ЮНЕСКО менен Илимий-эксперттик кеңештин макулдугусуз оңдоо иштери жүргүзүлгөн. 8-декабрда корук жетекчилигинин буйрутмасы менен иштеп жаткан «Сургутнефть-Строй» жеке компаниясы байыркы эстеликти бузган.

Расмий түрдө реставрация иштерин аткарууга уруксаты жок бул компаниянын өкүлү ал жерде «Ичан-Кала» музей-коругу менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштешкенин билдирди. Маданий мурастар башкармалыгы «имарат начар аткарылган оңдоо иштеринен улам бузулган» деп эсептөөдө. Өз кезегинде корук-музейдин жетекчилиги «имараттын дубалы кыйшайып калганын, аны урап калбасын деп бузушканын» айтууда.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, Хивадагы мыйзамсыз оңдоо иштери токтотулду.

«Таш-Хаули» сарайы Хиванын ханы Аллакулихан тарабынан 1830-1838-жылдары курулган. 1968-жылы ал мамлекеттин кайтаруусуна өткөн. Сарай Хива шаарынын 2500 жылдыгына карата 1997-жылы жарым-жартылай оңдоодон өткөрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: