Menu

Россия Федерациясындагы КРнын жарандарынын укуктарын коргоонун алкагында, элчилик төмөнкүлөрдү маалымдайт

Бөлүшүү:

11-декабрда, элчиликтин кызматкери Москва шаарынын Мамлекеттик бюджеттик саламаттыкты сактоо мекемесинин “Москва шаардык Саламаттыкты сактоо департаментинин Бауман атындагы № 29 клиникалык ооруканасына” барып келди. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын 9-декабрында Москва шаарындагы, Электрозаводская метросунда көз жарган Кыргызстандын жараны У.К.га жардам көрсөтүү максатында, бала жана анын дарыгери менен жолугушуулар болду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө дарылоочу дарыгери Н.В.Мурашева жана № 29 клиникалык оорукананын Башкы дарыгеринин орун басары Артемьев В.Е. кезигип, пикир алмашуу болуп өттү.

Экстремалдык шарттарда төрөө, эне менен баланын ден-соолугуна терс таасирин тийгизген жок жана абалын канааттандырарлык деп тастыкташты.

Көз жарган айымдын туугандары, ал баланы таштайм деген маалыматты четке кагышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: