Menu

Министр Тилек Токтогазиев малды экспорттоого тыюу салынганына карабастан алар Өзбекстанга жана Тажикстанга аткезчилик жол менен ташылып жатканын айтты

Бөлүшүү:

“Малдарды экспорттоого тыюу салуу маселеси боюнча, алар дагы деле Өзбекстанга жана Тажикстанга аткезчилик жол менен ташылып келе жаткандыгын көрүп жатабыз ”, – деди Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бүгүн, 16-декабрда ЖКнын жыйынында.

Ал дем алыш күндөрү “Сосновка” постуна барганын, бир саатта эле ар биринде 30дан кем эмес уй жүктөлгөн 2 фура өткөнүн айтты.

“Уйлардын жарымысында биркалары жок. Документтерге ылайык, бул бодо мал Беларуссиядан Кыргызстан аркылуу Өзбекстан жана Тажикстанга жеткирилет. Документтерде бир уйдун баасы 3 миң рубль экени көрсөтүлгөн. Албетте, наркы төмөндөтүлгөн, анткени алар 12% КНС төлөшү керек” – деди ал.

Ал көптөгөн мыйзам бузуулар жана коштоочу документтерде дал келбестиктер болгонун кошумчалады.

«Ал жерде Финполиция иш алып барышы керек. Бул жерде коррупциялык схема иштеп жатат деп эсептейбиз. Кыязы, мал Беларуссиядан эмес, жасалма документтер менен Токмоктон Тажикстанга жана Өзбекстанга ташылат », – деди ал.

Белгилей кетсек, 19-ноябрда Айыл чарба министрлиги айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу боюнча сунушту демилгелегени белгилүү болгон. Тизмеде: жылкылар, бодо мал, эчки жана кой, буудай, арпа, жүгөрү, күрүч буудай уну, өсүмдүк майы, шекер, жумуртка, йоддолгон туз, жем (чөп, саман, дан эгиндери) бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: