Menu

Бишкектин тургуну аялы менен биргеликте таксистти өлтүрүүгө аракет кылып, 600 сомун жана телефонун тартып алышкан

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын тургуну аялы менен биргеликте таксистти өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу журналисттерге Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 12-декабрында Сокулук РИИБге Бишкек шаарынын 2001-жылы туулган тургуну кайрылган. Анын айтымында, 12-декабрь күнү саат 20:00дө 20-25 жаштагы Бишкектин тургуну жана анын аялы таксисине олтуруп, Новопавловка айылына жеткирүүнү суранышкан.

Унаанын ичинде бара жатканда жүргүнчү айдоочунун мойнуна аркан ыргытып, анын аялы таксисттин телефонун жана 600 сомун тартып алган. Андан кийин алар айдоочуну БЧКнын жанына ыргытышып, унаасын айдап окуя болгон жерден кетип калышкан. Унаа ошол эле күнү кылмыш болгон жерге жакын жерден табылган.

Кечээ, 15-декабрда кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар 1998-жылы туулган Б.С., жана анын аялы 1995-жылы туулган Э.Н. аттуу жарандар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: