Menu

Орусияда мигранттар дээрлик эки эсеге азайды

Бөлүшүү:

Орусияда коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы мигранттар дээрлик эки эсеге азайды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Орусияда 6,3 миллион мигрант бар. Буга чейинки жылдары алардын саны 9-11 миллионго чейин жетип келген.

1-ноябрга карата эмгек патенти 1,3 миллион чет өлкөлүктө болсо, бир жыл мурда алардын саны 1,7 миллионду түзгөн. Ошол эле маалда өлкөдө убактылуу жашап туруу укугу миллион, иштөөгө уруксат кагазы 85 миң мигрантта бар.

Коронавирус пандемиясынан улам Орусиянын бийлиги чет өлкөлүктөрдүн келүүсүнө чектөөлөрдү киргизген. Буга байланыштуу өлкөдөгү көптөгөн курулуш иштери токтоп калды. Өкмөттүн божомолуна ылайык, мындан улам эмгек базары 1,5 миллион жумушчуну жоготту. Алардын көбүн жакынкы өлкөлөрдөн келген мигранттар түзөт.

Күн мурун Орусиянын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министриги өлкөгө курулушта иштеген эмгек мигранттарын жеңилдетилген шартта киргизүү боюнча сунуш даярдап, өкмөттүн кароосуна жөнөткөн. Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө курулуш тармагында 190 миңге жакын жумушчу жетишпейт.

Буга чейин Орусия ИИМи өткөн жылдын сентябрь айына салыштырмалуу быйыл өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар дээрлик 25% азайып, 1,8 миллионду түзгөнүн билдирген.

Стратегиялык изилдөөлөр борборунун маалыматы боюнча коронавируска байланыштуу мигранттардын мекенине кетүүсүнөн улам компаниялардын 40 пайызында жумушчулардын тартыштыгы жаралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: