Menu

Орусияда маяна берилбегенине нааразы болгон тажик мигранттары курулуш объектисин талкалап кетишти

Бөлүшүү:

Екатеринбургда «СтройГрад» фирмасында иштеген тажик мигранттары айлык акы берилбей жатканына нааразы болуп, жаңы курулуп жаткан объектинин ички дубалдарын талкалап кетишти.

«Келишим боюнча иш берүүчү бизге аткарылган жумуш үчүн дароо айлыгыбызды төлөп бериши керек болчу. Төлөп берген жок», – деди мигранттардын бири.

«СтройГрад» фирмасынын жетекчиси Светлана Бурук мигранттар жума күнү 162 чарчы метр аянтты шыбап бүтүрүшкөнүн, инженер ишти кабыл ала электе эле дубалдарды талкалап кетишкенин айтты.

«Инженер жасалган ишти кабыл алып, акт түзгөнгө чейин мен аларга айлык акы төлөй албайм. Бул пункт келишимде жазылган. Бирок алар инженерди күтпөй, ички дубалдарды талкалап кетишти», – деди ал.

Анын айтымында, жумушчулар курулуш инструменттерин ала кетишкен, мигранттар болсо муну курулай доомат деп аташты. Светлана Бурук фирма 400 миң рубль зыян тартканын, мындан улам полицияга кайрылганын билдирди.

Орусия бийлигинин маалыматы боюнча өлкөдө тажикстандык бир миллиондон ашуун жаран жашайт. Коронавирус пандемиясынан улам эмгек мигранттарынын бир бөлүгү мекенине кайткан. Жакында Орусиянын курулуш министрлиги өлкөнүн 50 аймагында жумуш күчү жетишпей жатканын билдирип, чет өлкөлүк мигранттардын өлкөгө киришине жеңилдик берүү каралып жатканын маалымдаган.

https://www.centralasian.org/a/31003174.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: