Menu

Сот үй камагында отурган Равшан Жээнбековго аймактарга барып үгүт иштерин жүргүзүү үчүн маалымкат берет

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге каршы сот иши уланды.

Бирок, башкы айыпталуучу Алмаз Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сот отурумуна катышкан жок.

Өз кезегинде, айыпталуучулардын бири, үй камагында отурган Равшан Жээнбеков соттон анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн кароону өтүндү. Бул анын шайлоо өнөктүгүнө тоскоол болууда. 

Судья Медеров Жээнбековдун арызы кийинки сот отурумунда караларын билдирди. Ошол эле учурда, ал Бишкектен сырткары, башкача айтканда, аймактарга чыга ала тургандыгы үчүн маалымкат берет. Бирок баш коргоо чарасы соттун бардык катышуучулары келген учурда гана каралат.

Бирок, Жээнбеков мындай чечим менен анын укугу чектелгенин айтты.

“Мыйзам үгүт иштерин жүргүзүү үчүн өлкөдөн чет жакка чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Мен эч качан соттук отурумдарды калтырган эмесмин жана сотту сыйлайм », – деди Равшан Жээнбеков.

Бирок, сот Жээнбековго аймактарды гана кыдыруу үчүн маалымкат бере турганын айттыю

Кийинки сот отуруму 23-декабрь саат 14:00гө жылдырылды.

Буга чейин судья үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген. Ошентип, Атамбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алгандыгы, мыйзамсыз баюу фактысы жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандыктар үчүн айыпталууда.

Бардык эпизоддор боюнча бир нече айыпталуучулар бар, алардын катарында парламенттин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Президенттин Администрациясынын мурунку башчысы Фарид Ниязов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев жана Аскар Шадиев, экс-мэр Албек Ибраимов, мурдагы ички иштер министри Абдылда Суранчиев жана башкалар бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: