Menu

Өзбекстанда Журналистика университетинин ректору фамилиясын орусча жазуудан баш тартты

Бөлүшүү:

Шерзодхон Қудратхўжаев

Журналистика жана массалык коммуникациялар университетинин ректору, Эл аралык пресс-клубдун төрагасы Шерзохон Кудратхожаев орусча- ев суффиксинен баш тартты. Бул тууралуу ал «Өзбекстан 24» телеканалында түз эфирде маек берип жатып билдирди.

Ал мындан ары Кудратхужа Шерзохон Тожиддинхон угли деген ысымды алып жүрөрүн айтты.

«Биз өзүбүздү таанып, улуттук сыймыгыбызды сезбесек, эч качан өнүгө албайбыз», — деди ал.

Ректор «улут үчүн тил- адамдын ДНКсы сыяктуу» деп айтып келет.

2018-жылы Шерзохон Кудратхожа орус аялдан өзбекче сүйлөөнү талап кылып, жаңжалга кабылган. Аял аны улутчулдукка айыптаган.

Тажикстанда да ов (а) же -ев (а) суффиксинен баш тарткан учурлар көп. 2007-жылы өлкө президенти Эмомали Рахмонов фамилиясын Рахмон кылып өзгөрткөн. Ага улай көптөгөн аткаминерлер да фамилияларын алмаштырышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: