Menu

Жапайы жаныбарларды мыйзамсыз олжолоо, же алардын өлүмүнө жол бергендик үчүн айыппулдун өлчөмү жогорулатылды

Бөлүшүү:

Жапайы жаныбарларды, анын ичинде КРнын Кызыл китебине киргизилген жаныбарларды мыйзамсыз олжолоо, же алардын өлүмүнө жол бергендик үчүн таксалардын (айыппулдун) өлчөмү жогорулатылды. Тийиштүү өзгөртүүлөр КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 «Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Бул тууралуу чечимге КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Документ КРнын айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу мыйзамдарынын талаптарын сактоо чөйрөсүндө биологиялык түрдүүлүктүн сакталышын камсыздоого, КРнын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн, анын ичинде эндемикалык объекттерин мыйзамсыз пайдалангандык үчүн жоопкерчиликти  күчөтүүгө багытталган.

Таксалардын жаңы өлчөмдөрүн белгилөө учурунда төмөнкүлөр эске алынды: жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн баалуулугу, алардын кайтарылышынын статусу, эндемикалуулугунун статусу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (алардын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен) атайын пайдалануу үчүн акынын ставкалары, республиканын калкынын көпчүлүгүнүн төлөөгө кудурети жана жаратылыштагы популяциялардын реинтродукциясы же санын көбөйтүү боюнча иш-чаралардын жарым-жартылай адекваттуу наркы.

Юридикалык жана жеке жактар жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мыйзамсыз олжолоо же жок кылуу менен келтирген зыян үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн таксалар ургаачы-эркегине жана жашына карабастан бир баш жаныбарды мыйзамсыз атып алуу же башка ыкма аркылуу өлтүрүү, үчүн доо суммаларынын негизин түзөт

Жапайы жаныбарларды, анын ичинде КРнын Кызыл китебине киргизилген, расмий олжолоп алынуучу жана мыйзамдуу рынокто сатылуучу аңчылык жана башка түрлөрдүн тизмегине кирген жаныбарларды мыйзамсыз олжолоо же өлүмүнө жол берүү үчүн таксаны көбөйтүү алардын тиешелүү рыноктук наркынан 2ден тартып жана 10 эсеге чейин өлчөмдө жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: