Menu

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев Өмүрбек Текебаев менен мамилесин бузуп алганына өкүнөөрүн билдирди

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-декабрда УКМКнын мурунку башчысы, президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев 2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен мамилесин бузуп алганына өкүнөөрүн билдирди. Бул тууралуу ал журналисттер менен болгон жолугушууда айтты.

“Мага саясатчылар, лидерлер тараптан ушунчалык көп кысым көрсөтүлсө дагы, бирок мен бир дагы ишти жапкан жокмун. Мен ал тургай көптөгөн саясатчылар менен урушуп кеттим. Өмүрбек Чиркешович менен мамилемди бузганыма өкүнөм. Бул өлкөгө керектүү эң күчтүү саясатчы. Мен четке чыгып кете алган жокмун, мен үчүн бул ишти токтотуп коюу дегенди билдирет. Ошондо эл мени коркуп калды деп айтышат. Мен аягына чейин бардым. Балким, Атамбаев муну да күткөн эмес. Келечекте мамилебиз кандай болот билбейм. Менде көп үмүт жок. Мен Текебаевге мыйзамдын чегинде иштегенимди ачык айтам”, – деди ал.

Мындан тышкары, Сегизбаев белгилегендей, учурда көптөгөн генералдар жумуш орундары үчүн бийликке кызмат өтөөгө кетишкен, бул анын айтымында, уюшкан кылмыштуу топ менен байланышкан.

“Бул алардын имиджин түшүрдү. Мурда аларга генералдай мамиле кылышчу. Ошентип, бийлик үчүн алар шайтан менен достошууга даяр”, – деп белгиледи Сегизбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: