Menu

БШК президенттик шайлоонун чыгымдарын 2,5 млн сомго көбөйттү

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 16-декабрдагы жыйынында мөөнөтүнөн мурда дайындалган президенттик шайлоо даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мурда бекитилген сметага өзгөртүүлөрдү киргизди.

БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, 2-ноябрда бекитилген сметада 686 млн 451 миң 337 сом каралган. Эми 688 млн 961 миң 237 сом жумшоо каралууда. Бул 2 млн 509 миң сомго көбүрөөк.

Боршайком бул чечим чет жактарда 3, өлкө ичинде 13 кошума шайлоо бекеттери ачылып жатканы менен түшүндүрдү.

Буга чейин БШК референдумга даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын 39 млн 946 миң сом деп бекиткен.

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. 18 талапкер ат салышууда. Ушул эле күнү башкаруу формасын тандоо боюнча референдум болот. Тиешелүү мыйзам долбооруна 12-декабрга караган түнү президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов кол койгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: