Menu

Пентагон Орусия спутникке каршы куралын сынаганын билдирди

Бөлүшүү:

АКШнын Космостук колбашчылыгы шаршембиде Орусия спутникке каршы ракетасын сынаганын билдирди.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бул сыноо Орусиянын жерге жана орбитага космостук курал жайгаштыруу боюнча программасынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Пентагон тест качан жүргүзүлгөнүн айткан жок. Баштапкы маалыматтарга караганда, сыноо шаршембиде болгон. Ракетага каршы коргонуучу А-235 “Нудоль” мобилдик системасы Москванын түндүгүнөн 800 чакырым аралыкта учурулган. Кандайдыр бир космостук объекти бутага алынган эмес. Орусия бийлиги сыноо жөнүндө үн каткан жок.

АКШнын космостук кол башчысы, генерал Жон Рэймонд бул окуяны эки жүздүүлүк деп атады. Буга чейин Орусия космостук куралданууну көзмөлгө алууну сунуштаган. Пентагон бул өңүттөгү системаларды сыноо АКШнын жана алардын өнөктөштөрүнүн космостук системаларына коркунуч жаратарын белгилеген.

Америкалык аскерлердин маалыматына караганда, орусиялыктар бири-биринен кескин түрдө айырмаланган эки космостук куралды сынашкан: буга чейин бир нече жолу тесттен өткөн кинетикалык ракета жерде жайгашып, төмөнкү орбитадагы спутниктерди жок кылууга кудуреттүү. Экинчиси — орбитада жайгашкан спутниктерге каршы атайын система. Акыркысы эки жолу – 2017, 2020-жылы сыналган.

АКШнын билдиришинче, спутник чабуулга кабылган учурда ал миңдеген бөлүккө бөлүнүп кетиши ыктымал. Бул жерге жакын космостук мейкиндикти булгап, космостук аппараттардын иштөөсү үчүн жараксыз болуп калат. Натыйжада глобалдык экономикага катастрофалык кесепеттерди алып келиши ыктымал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: