Кечээ, 16-декабрда КР УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш чаралардын алкагында Талас областындагы “Чоң Капка-Автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер табылып, алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталган боюнча, кармалган дары-дармектердин 176 түрү салынган 100 кутучанын тиешелүү уруксаат берүүчү кагаздары болгон эмес.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча кармалган жүктүн баасы 4 миллион сомдон ашык суммага барабар.
Учурда товардын чоо-жайын тактоо максатында материалдар КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жиберилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ