Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборуна жаңы директор болуп дайындалган Элдияр Сатыбалдыев борбордун жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Борбордун эмгек жамаатына жаңы директорду Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева тааныштырган.
Элдияр Шермаматович Сатыбалдыевди Реабилитациялык борбордун директору кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйрукка министр Ализа Солтонбекова кол койгон.
Элдияр Сатыбалдиев жогорку медициналык билимге ээ. Акыркы 11 жыл ичинде ал саламаттыкты сактоо системасында эмгектенген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ