Бүгүн, 17-декабрда эртең менен Жогорку Кеңештин имаратынын жанында, Маевка айылына жакын жердеги участоктун жашоочуларынын митинги болуп өттү.
Митингге чыккандар участокторун жана үйлөрдү мыйзамдаштыруу максатында жерлерин трансформациялап берүүнү суранышты.
«Биз канча жолу сурандык, өтүндүк, бирок алар бизге көңүл бурган жок. Башкалары болсо буга чейин жерлерин трансформациялап алышкан, ал эми бизди унутуп коюшту», – деди нааразы болгондордун бири.
Ошондой эле, алар колдоруна жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан: “Өкмөт элди үй менен камсыз кыла албасаңар, там салганга жер менен камсыз кылгыла, жер мыйзамдары элге иштегендей каралып чечилсин”. Мындан тышкары “Чимкириктер кетсин”, – деген жазуу дагы бар.
Жогорку Кеңештин аппаратынын башчысы чогулгандардын алдына чыгып, расмий түрдө депутаттарга же парламенттин жетекчилигине кат менен кайрылууну суранды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ