Menu

Депутат Осмон Турдумамбетов Өкмөткө: “Соцфонддун төрагасын качан бекитесиңер?”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Турдумамбетов вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиевадан Социалдык фонддун төрагасы качан дайындала  тургандыгын сурады.

Ал мурда кармалган Социалдык фонддун башчысы Ирсалиев жөнүндө маалыматты, тергөө амалдары кандай жүрүп жатканын эч ким билбей турганын айтты.

“Төраганы качан бекитесиңер? Орун басары деген орун басары да. Төрагасыз иш болбойт. Ал киши өзүнүн саясатын жүргүзүшү керек” – деди ал. Ал муну менен катар бул маселени өкмөттүн кароосуна алып чыгуу керектигин кошумчалады.

“Кечээ биз Артем Эдуардович менен ушул маселени талкууладык. Ушул жумада бир чечимге келебиз деп ойлойм», – деп жооп берди Элвира Сурабалдиева.

Депутат жетекчиликке жакшы менеджерди дайындоо керектигин белгиледи.

“Учурда өкмөт кадрларды дайындоодо коллектив менен макулдшып, коллевтивде абройу бар, тажрыйбалуу, ошол системанын ичинен чыккан кадрлар болсун деген саясат жүрүп жатат” – деди Сурабалдиева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: