Menu

Жалал-Абад ОИИБи: ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмдин алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бөлүшүү:

КРнын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын демилгеси менен уюштурулган диний экстремизмдин алдын алуу максатында, «Жаштар арасында радикалдашууну жана диний эктремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу темада 2020-жылдын 6-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын аймагында алдын алуу иш-чаралары мерчемделип, анын алкагында жер-жерлерде калк арасында өткөрүлүп келе жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чаранын негизинде 15-декабрда Жалал-Абад шаарында жайгашкан КРнын ИИМдин Ички Аскерлеринин № 704 бөлүгүнүн офицерлерине жана жоокерлерине, Жалал-Абад шаарынын жаш активисттерине, казыят кызматкерлерине, борбордук мечитинин жамаатына өткөн болсо, 16-декабрь күнү Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында орто билим берүү мекемелеринин мугалимдерине, жаш активисттерге, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлик өкүлдөрүнө, социалдык педагогдорго жана Сузак РИИБнин кызматкерлерине экстремизмди алдын алуу боюнча семинар, лекциялар өтүлүп, аягында катышуучулар менен талкуу, суроо-жооптор болгон.

Мындан тышкары, Сузак районунун Сузак жана Ырыс айылдарынын мечиттеринин жамаатына, имамдарга, жергиликтүү тургундарга «Жаштардын радикалдашуусу: себептер жана факторлор» деген темада лекция окуп, талкуу, суроо-жооптор айтылган. Талкуу учурунда жаштардын туура эмес диний билим алуусу, эктремисттик уюмдардын катарына кошулуп кетүүсүнүн негизги себептеринин бири деп белгиленген. КРнын ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКнын кызматкерлери экстремизмдин алдын алууда укук коргоо кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар, орто билим берүү мекемелеринин мугалимдери, жергиликтүү тургундар биргеликте кызматташып иш алып баруусу маанилүү экендигин кызматкерлер баса белгилеген.

Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларда санитардык эрежелер, социалдык аралык так сакталып, катышуучуларга жеке коргонуучу каражаттары (беткап, антисептик) таратылган.

Аталган семинар, жолугушуулардын аягында катышуучуларга КРнын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан диний экстремизмдин алдын алуу боюнча даярдалган 5000 ден ашык усулдук китепчелер, буклеттер, эстеткичтер, таратылган.

Ушундай эле профилактикалык иш-чаралар 2020-жылдын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен райондорунда өткөрүлмөкчү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: