Белгилей кетсек, учурда Молдобекова Гүлкан Сакиновна Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча ЖК комитетинин төрайымы.
Гүлкан Молдобекованын өмүр баяны. 1964-жылы 16-апрелде Талас облусуна караштуу Кара-Ой айылында туулган. Кыргыз улуттук университетин 1986-жылы аяктаган.
– 1988 — 1992 — Кыргыз улуттук университетинин методика кафедрасынын инженери, математика кафедрасынын инженер-техниги;
– 1992 — 2001 — Ишеналы Арабаев атындагы Педагогикалык институтунда физика жана информатика сабактары боюнча мугалим;
– 2010 — КСДП саясий кеңешинин мүчөсү;
– 2015-жыл, октябрь — КСДП партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ