Келерки жылы пенсияларды төлөөдө кечигүүлөр болбойт. Бул тууралуу журналисттерге Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.
Анын айтымында, Социалдык фонд пенсионерлердин алдындагы милдеттенмелерин аткарат.
Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын аягында социалдык төлөмдөрдүн көлөмү 2 миллиард сомго азайышы күтүлүүдө. Жылдын аягында тартыштык 1 миллиард сомду түзөт.
Акчаны үнөмдөө максатында Социалдык фонд чыгашаларын оптималдаштырууга ниеттенүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ