Menu

Нур-Султанда эки активист үй камагына алынды

Бөлүшүү:

Нур-Султан шаарындагы райондор аралык тергөө соту Veritas укук коргоо уюмунун активисти Алия Жакупова менен укук коргоочу Айнур Мырзалиеванын бөгөт чарасын карап, аларды эки айга үй камагына алуу тууралуу чечим чыгарды.

Тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырган сот чечимине ылайык, активисттерге байланыш каражаттарын колдонууга тыюу салынып, үй-бүлө мүчөлөрү, тергөөчү жана адвокаттан башка адамдар менен сүйлөшүүсүнө чектөө киргизилди.

Шейшемби күнү Интернетке жарыяланган видеодо Мырзалиева кечке жакын тергөөчү суракка чакырганын, көп өтпөй сот анын баш коргоо чарасын карай турганы белгилүү болгонун айтты. «Мен да, адвокатым да иш менен тааныш эмес болчубуз. Мени тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга айыптап жатышыптыр. Биз судьяны алмаштырууну өтүндүк, бирок бул маселе каралган жок», — деди ал.

Ошол эле видеодо Алия Жакупова «экстремизмге» айыпталып жатканын, анын муштумун түйүп турганы кимдир бирөөгө бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязовдун «кыймылын» эске салганын билдирди.

Күн мурун Алматы шаарындагы райондор аралык тергөө соту активист Диана Баймагамбетованы эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Апта башында Алматыдагы сот тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга айыпталып жаткан активисттер Кайрат Клышевдин, Асхат Жексебаевдин, Абай Бегимбетовдун жана Ноян Рахимжановдун камактагы мөөнөтүн узарткан.

Казакстандык укук коргоочулардын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык кыймылы» менен «Көше партиясынын» ишмердүүлүгүнө катышуу жана экстремисттик топ түзүү айыптары менен өлкөдө 110дон ашык кишиге карата тергөө иштери жүрүүдө. 10-январга белгиленген парламенттик шайлоонун алдында куугунутукка кабылгандар көбөйүүдө.

Бозгунда жүргөн казакстандык саясатчы Мухтар Аблязов негиздеген «Казакстандын демократиялык кыймылынын» ишмердүүлүгүнө 2018-жылы, «Көше партиясына» быйыл май айында тыюу салынган. Сот аларды «экстремисттик уюм» деп тапкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: