Өзбекстанда эколог кызматкерлери энени жана анын балдарынын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу “upl.uz” маалымат агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, эколог кызматкерлери эки жаш баланы жана өзүн каналга чөктүрүп жиберүүгө аракет кылган аялды токтото алышкан. Окуя Сырдарыя облусунун Ширин шаарында болгон.
Эколог кызматкерлери Өзбекстандын тургунунан эмне үчүн балдарды өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылганын сурашкан. Аял жашоодон тажаганын жана балалуу болгонуна аябай өкүнөт экенин айтып берген. Ошондой эле, анын айтымында, жашоо шарты өтө оор жана мындан ары жашагысы келбейт. Азырынча укук коргоо органдары окуя боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ