Кыргызстан Батыштын үлгүсү боюнча ички саясий жашоону орнотуу аракетинен улам, ар дайым башаламандыкка туш болот. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин маалымат жыйында билдирди.
Суроо берген журналист 2021-жылы КМШга 30 жыл толорун, мындан улам бирикме орто курактын кризисин башынан кечирип жатканын белгилеген.
«Сиз бул орто курактагы кризис деп айтып, мисал келтирдиңиз, мисалга Кыргызстанды айтып. Эмне, ал жерде мындай баш аламандыктар биринчи жолу болуп жатыптырбы? Менин оюмча, алар кээ бир Батыш өлкөлөрүнүн үлгүлөрү боюнча ички саясий системаны жөнгө салуу үчүн аңдабай алдыга кетип калышат. Бирок, Кыргызстанда саясий аң-сезимдин, саясый институттардын жетилгендик деңгээли, мисалы, Франциядагыдай эмес », – деди Путин.
«Францияда же федеративдик республикада саясий система ондогон жылдар бою, балким, кылымдар бою калыптанып келе жатат. Ошондой эле парламенттик башкаруу формасы кылымдар бою калыптанып келген. Саясий партиялардын туруктуу саясий платформасы бар. Ал эми постсоветтик мамлекеттерде мунун баары жок да”, – деди Путин.
Орус лидеринин айтымында, бул бүгүнкү күндүн натыйжасы эмес.
“Бул жыйынтык, мен айтаар элем, өнөктөштөргө сый мамиле кылуу керек, бул өз жолуңду табуу үчүн изденүүнүн натыйжасы. Демек, биз белгилүү бир чекке жеткен жокпуз », – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ