Menu

Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жыл бою зордуктап келген

Бөлүшүү:

Токмокто кызды өгөй атасы эки жыл бою зордуктаган. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, өгөй атасы тарабынан сабалган алты жашар Рамазан менен болгон окуядан кийин 15 жаштагы кыздын чоң апасы адвокатка кайрылган.

«Чоң апасынын айтымы боюнча, өспүрүм кыз өгөй атасы тарабынан эки жыл бою кордук көргөн. Кыздын энеси бул жөнүндө билип, унчукпай келген. Жакында гана жабырлануучу таежесине жана чоң апасына баарын айтып берген. Алар милиция чакырышкан, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 5-декабрда катталган. Бирок иш алга жылбай жатат. Анткени өгөй атасы ишти кысып, кызды болсо психиатриялык ооруканага жаткырып коюшкан. Өгөй атасы эгерде кыз бир нерсе деп сүйлөсө, өлтүрүп коем деп коркутууда», – деди жактоочу.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунда орчундуу окуя болгон. Тоң райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталгандардын экөөсүн актаган. Үчүнчү айыпталуучу “Зордуктоо” беренесинен “16 жашка чейинки адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” деп классификацияланган. Ал 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Кызды үч башка эркек киши зордуктап салган. Бул окуяны ата-энеси кыздын кош бойлуу экендиги белгилүү болгондо билишкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: