Menu

Орусияда курулушта иштеген мигранттарга көбүрөөк айлык төлөнө баштады

Бөлүшүү:

Орусияда курулушта иштеген мигранттар жетишсиз болууда. Алар коронавирус пандемиясына байланыштуу жазында үйлөрүнө кетип, чек аралар ачылбагандыктан кайра кайтып бара албай жатышат.

Буга байланыштуу апта башында өлкөнүн Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министриги Орусияга курулушта иштеген эмгек мигранттарын жеңилдетилген шартта киргизүү боюнча сунуш даярдап, өкмөттүн кароосуна жөнөттү.

Министрликтин сунушуна ылайык, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн сакталышына кепилдик берген уюмдарга гана жеңилдик берилиши керек. Чет өлкөлүктөр сапарга чыгардан мурун ПЧР-тест тапшырууга милдеттүү болушат.

Жеңилдик алган компаниялар, уюмдар чет өлкөлүк жарандарды миграциялык каттоого алып, алар менен эмгек келишимин түзүүгө, мигранттар эмгек патентин алууга тийиш. Эгер мигрант ооруп калса, мекеме анын дарылануусуна шарт түзүп берет.

Рашид Тушаков бир нече жылдан бери Орусияда курулуш тармагында иштейт. Анын #Fundamentmen деп аталган анча чоң эмес компаниясы жаңы салына турган имараттарга пайдубал тургузуу менен алектенет. Кол алдындагы жумушчулардын басымдуу бөлүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар түзөт. Тушаковдун айтымында, пандемия башталганда үйлөрүнө кеткен мигранттар кайра кайтып келе албай калып, учурда бир гана бригада иштеп жатат.

«Жумушчу күчкө байланышкан абал өтө оор. Кесиптик даярдыкты талап кылбаган кара жумуштарга бир бригада топтойлу деп адамдарды табууга аракет кылып көрдүк. Бирок эмгек базарында жумушчулардын таңкыстыгы бар экен. Алардын эмгек акылары эки эсеге, 100% көтөрүлүп кетиптир. Дагы жакшы, менин бир бригадамдын жарымы бир курулушта кышка калышкан. Азыр ошолордун күчү менен иштеп жатабыз», — деди Тушаков.

ТАСС агенттиги Курулуш министрлигине шилтеме кылып, 1-декабрга карата Орусиянын 77 регионунун 50сүндө курулуш тармагында жумуш күчү жетишпей жатканын жазган. Болжол менен аларда 190 миңдей кишиге суроо-талап бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: