КР УКМК тарабынан Эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) жашыруун ячейкаларын жок кылууга багытталган контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө, Эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) активдүү мүчөсү, КР жараны 1982-ж.т. А.Ш.Б. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, А.Ш.Б. Эл аралык террористтик уюмдардын чет өлкөдөгү башчысынын көрсөтмөсү боюнча Сириядагы жаңжал чыккан аймакка жалдоочуларды тартуу максатында Интернет аркылуу Эл аралык терросттик уюмдардын (ЭТУ) террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү материалдарды жарыялоо менен алектенип иш алып барып жүргөн.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында сот тарабынан санкцияланган тинтүүнүн жүрүшүндө кармалган адамдан ок атуучу курал, ок-дарылары менен байланыш каражаттар жана террористтик, экстремисттик мазмундагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар табылып алынган.
Табылган далил буюмдар тиешелүү экспертизага жөнөтүлгөн.
Кармалган адам Баткен облустук Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ