Menu

Жаңы-Өзөндө соттолуучулардын туугандары акцияга чыгышты

Бөлүшүү:

17-декабрда Мангистау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында туугандарына каршы козголгон кылмыш иши менен макул болбогон жергиликтүү тургундар аянтка чогулушту.

Колдоруна соттолуучулардын сүрөттөрүн жана акыйкаттыкты талап кылган сөздөр жазылган плакаттарды көтөргөн жарандар бийликти бул иш боюнча адилеттүү сот өткөрүүгө чакырышты.

Чогулгандардын айтымында, кылмыш иши ойдон чыгарылган, айыпталуучулардан табылды делген далил буюмдарды (курал-жарактар) тинтүү маалында укук коргоо кызматкерлери өзүлөрү ала келишкен.

2019-жылы июлда шаардын онго жакын тургунунун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда кармалган 12 кишинин 11и камакта, бирөө аймактан чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулган. Аларга «Мыйзамсыз курал-жарак сактоо» жана «Уюшкан кылмыштуу топтун ишине катышуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча тергөө иштери бир жылдан ашык убакытка созулуп, соттук териштирүү өткөн айда башталган. Чогулгандардын айтымында, жакында сотто тараптардын жарыш сөзү башталат.

Акция катышуучуларынын алдына чыккан шаардын прокурору Ермек Елубаев бул жыйын «мыйзамсыз» экенин эскерткенден кийин тургундар үйлөрүнө тарап кетишти.

2011-жылы 16-декабрда Жаңы-Өзөн шаарындагы мунайчылардын бир нече айлык иш таштоосу кан төгүү менен коштолгон. Тынч митингдин катышуучуларына каршы ок атышканда расмий маалымат боюнча 17 киши курман болгон. Жергиликтүү тургундар курман болгондор андан көп экенин айтып келишет.

https://rus.azattyq.org/a/31002595.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: