Menu

Финполиция: Ноокаттын айыл өкмөт башчысы 1 млн сом уурдап жеп алгандыгы үчүн кармалды

Бөлүшүү:

Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча финансы полициясы Ноокат районунун айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына карата мамлекеттин бюджетинен бөлүнгөн акча каражаттарын уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү териштирип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ноокат районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин жооптуу адамдары курулуш материалдарын сатып алуу үчүн “Б.С.” ЖЧКсы менен 1 миллион сомго жакын суммага келишим түзүп, андан кийин келишимдин шарттарын бузуу менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалган кабыл алуу-өткөрүү актысын түзүшкөн жана аталган акча каражаттарын ЖЧКнын эсептик эсебине материалдарды иш жүзүндө албай туруп которушкандыгы аныкталган.

Бул факт боюнча ЭККМКнын Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда, айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин жоопко тартууга, ошондой эле мамлекеттин бюджетине келтирилген акчалай зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: