Menu

Ысык-Көл ОИИБ: Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун билдирүүсү боюнча териштирүү иштери башталды

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун билдирүүсү боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17-декабрда Коомдук теле-радио компаниясындагы түз эфиринде президенттикке талапкердин бири Адахан Мадумаров үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштарын ойлогонун. Бирок, анын тарапкерлерине коркутуу болуп жатканын айтып чыккан.

Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы түшүндүрмө иретинде төмөндөгүлөрдү билдирет:

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун штабынан, же болбосо тарапкерлеринен үгүт иштерин Ысык-Көл облусунда кайсыл күндөрдүн аралыгында жүргүзөрүн жана үгүт иштерин жүргүзү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча облустун райондук мамлекеттик администрацияларына, мэрияларына жана ички иштер бөлүмдөрүнө эч кандай билдирүүлөр, же болбосо ыраттамалар келип түшкөн эмес. Жолугушууга баргандардын үйлөрүн өрттөп кетебиз деген коркунучтар келип түшүп жатат деген маалымат боюнча да арыздар менен кайрылышкан эмес.

Бирок, Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин 149 беренесинин 1 пунктун (Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы) жетекчилике алып, Адахан Мадумаровдун КТРКнын түз эфиринде айткан билдирүүсү Ысык-Көл ОИИБдин КЖБРне катталып, териштирүү иштери башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: