Menu

Аида Касымалиева: “Вице-спикерлик кызматты каалайбыз деп түздөн-түз мага кайрылышса, бошотуп бермекмин”

Бөлүшүү:

Депутат Аида Касымалиева кол топтоо боюнча журналисттерге түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, вице-спикерлик кызмат кимдир бирөөгө ушунчалык керек болсо, ал кызматын бошотуп берүүгө даяр.

“Кызматтан алуу тууралуу иш фракция аркылуу өтөт. Бирок мен ал жөнүндө эч нерсе билбейм. Баары көшөгө артында жасалууда. Эгер алар мага келип, ушул кызматты каалайбыз деп түздөн-түз айтышса, мен аны бошотмокмун. Учурдагы чакырылыштын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эбак аяктап, эч кандай вакуум болбошу үчүн мөөнөтүбүздү узартканбыз. Азыр интрига кыла турган убак эмес”, – деди Аида Касымалиева.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште вице-спикер Аида Касымалиеванын кызматтан кетиши үчүн депутаттар кол топтошкон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: