Пандемия учурунда мигранттардын массалык түрдө мекенине кайтып келиши жумушсуздуктун көбөйүшүнө алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда “Борбордук Азия кыймылда” жарандык өнөктөштүк платформасынын Координациялык комитетинин төрайымы Нурия Темирова Эл аралык мигранттардын күнүнө карата маалымат жыйында билдирди.
“Буга чейин чет өлкөдөн келген акча которуулар менен жашап келген үй-бүлөлөр каржылык кыйынчылыктарга туш болушкан”, – деди ал.
Кыргызстанда ушул жылдын август айынан октябрь айына чейин бир бош орунга 3-4 эсе көп адам кайрылган – бул 15 адам, былтыр 1 бош орунга 4 адам туура келген.
Ошондой эле, анын айтымында, Россия Федерациясындагы эмгек мигранттары пандемия учурунда сарпталган каражаттарды кайтарып алуу үчүн толук кандуу иштеп жатышат, бирок каалоочулар чектөөлөргө байланыштуу ал жакка бара албай жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ