Menu

Бишкекте гүл саткан дүкөндөн роза гүлүн уурдап качкан жигит келип кечирим сурады

Бөлүшүү:

Бишкекте Ак үйдүн маңдайындагы гүл саткан дүкөндөн роза гүлүн уурдаган жигит бир айдан кийин келип жасаган иши үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда жарыяланды.

Белгиленгендей, жигит уурдалган гүлдөрдүн акысын бөлүп-бөлүп төлөп берет. Дүкөн ээлери жигит флористтен кечирим сурасын деген шартта кечиришкен. Сүрөттөн жигит кызга шоколад сунуп кечирим жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурда гүл дүкөнүнүн ээси жигиттин гүл уурдап кеткин видеотасмасын соцтармактарга жарыялаган. Дүкөндүн өкүлдөрү гүлдү уурдап кеткен жигитке акыркы эскертүү менен кайрылып, 3 күндүн ичинде келип гүлдестенин акчасын төлөбөсө, анда алар укук коргоо органдарына кайрыларын айтышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: