Menu

Помпео: антитүркиялык санкциянын максаты – Орусиянын таасирин кеңейтпөө

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттар Орусиядан S-400 ракетадан коргонуу системасын сатып алганы үчүн НАТО боюнча өнөктөшү Түркияга санкция салды. Анкара Вашингтондун бул кадамын олуттуу катачылык деп баалады. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин башчысы Майк Помпео билдирди.

Мамдепартаменттин башчысы ушул жумада түркиялык кесиптеши Мевлүт Чавушоглу менен жолуккан. Дипломатиялык мекемелердин жетекчилери Анкарага киргизилген санкцияларды талкуулашкан.

Мамдепартаменттин расмий өкүлү Кейл Браун билдиргендей, Помпео С-400 системалары америкалык аскер кызматкерлеринин жана аскердик техникаларынын коосуздугуна коркунуч жаратарын так түшүндүргөн.

Помпео санкциянын максаты Орусиянын курал-жарак сатуудан киреше табуусуна жана Москванын башка өлкөлөргө болгон таасирин кеңейтишине тоскоол болуу экенин белгиледи. Ошол эле маалда мамлекеттик катчы АКШ Түркиянын аскердик потенциалына жана армиянын согушка даярдыгына кедерги тийгизүүнү каалбай турганын да эске салган.

Мамлекеттик департаменттин башчысы Анкараны С-400гө байланыштуу маселени АКШ менен Түркиянын ортосундагы көп жылдык кызматташууга ылайык чечүүгө чакырды. Помпео НАТОнун мүчөсү катары Түркия альянстын башка мүчөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч жаратпоо боюнча милдеттенме алганын да эске салды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: