Menu

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун беш активдүү мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

КР УКМК “Чач” каймана аты менен белгилүү Э.Мурзахметовдун уюшкан кылмыштуу тобунун (УКТ) КР ИИМ кызматкерине жана жарандарга карата куралдуу кол салууга аракет кылган фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат.

Маалыматка караганда, 16-декабрда КРнын УКМК жүргүзгөн атайын ыкчам иштердин натыйжасында Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда Сузак районунда 2020-жылдын октябрь айында орун алган атышууга катышкан уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалышкан.

Кармалган үч адамга карата, Жалал-Абад облустук соту тарабынан УКМК Ош шаардык башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралган. Калган эки адам Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын УКМК убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР УКМК тарабынан мурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү Э.Мурзахметовдун (чач) жогорудагы кылмышка түздөн-түз тиешеси бар экендиги жөнүндө кошумча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган.

Кармалган кылмышкерлерге карата, алардын башка бир катар башка мыйзамсыз фактыларга (опузалап талап тоноо, куралдуу кол салуулар, ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, денеге оор залал келтирүү, рейдерлик басып алуулар ж.б.) тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Тергөө уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: