Menu

Сатыбалды Хакимов: “Айрым эски автобустарда жана троллейбустарда жылытуу тутуму толук кубаттуулукта иштебей жатат”

Бөлүшүү:

Айрым эски автобустарда жана троллейбустарда жылытуу тутуму толук кубаттуулукта иштебей жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилине даярдык башталат жана кышка даярдануу боюнча буйрук берилет. «Башкача айтканда, коомдук транспорт жылытуу системасын даярдайт. Коомдук транспортто суук болгон фактылар бар, бирок бардыгы эмес. Жылытуучу меш иштебей жатат деп айтканга болбойт», – деди ал.

Хакимов белгилегендей, бүгүнкү күндө алар коомдук транспортто кандай температура болушу керек экендигин аныктай алышпайт.

“Себеби унаанын эшиги ачылып-жабылып, температура биз каалаган нормада сакталбайт”, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: