Menu

ЭККМКнын төрагасы “Law enforcement in Central Asia» (LEICA)” өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 17-декабрда, КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта (ЭККМК) ЭККМКнын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин “Law enforcement in Central Asia” (“LEICA”) Европа Бирлигинин долбоорунун жетекчиси Жером Рибо-Гайар мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда ЭККМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, жолугушуу санитардык- эпидемиологиялык коопсуздуктун бардык ченемдерин сактоо  менен өткөн.

Учурашуу сөзү менен ЭККМКнын төрагасы Сыймык Жапыкеев чыгып сүйлөп, жолугушуунун катышуучуларына келгендери үчүн ыраазычылык билдирип, укук коргоо органдарынын тутумун реформалоонун жүрүшүндө финансы полициясынын функциялары кыйла кеңейгендигин, жоопкерчилик деңгээли жогорулагандыгын, натыйжада ЭККМКнын дараметин жогорулатуу зарылчылыгы келип чыккандыгын белгилеген.

Материалдык-техникалык базаны чыңдоо, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн адистештирилген түзүмдөрү менен көп тараптуу жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн  заманбап тажрыйбаларын алуу жана өздөштүрүү, ошондой эле  кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгы болууда.

Жером Рибо-Гайар мырза өз кезегинде, ЭККМКнын төрагасы жана катышып жаткан кызматкерлери менен учурашып, ошондой эле  финансылык тергөөлөр, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүүлөр жана кылмыштардын жаңы түрлөрүн ачуунун алдыңкы ыкмаларын, технологияларын жайылтуу жаатында дараметти жогорулатуу маселелеринде ЭККМК менен кызматташууга даяр экендигин тастыктаган.

Жолугушуунун жүрүшүндө, “LEICA” долбоордун колдоосу менен  ЭККМКнын ишмердигинин дараметин жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча мүмкүн болгон өз ара кызматташуунун  артыкчылыктуу багыттары талкууланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: