Menu

Административдик сот Клара Сооронкулованын Садыр Жапаровго карата доо арызын канааттандырган жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарынын административдик соту Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын БШКга каршы доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу Рита Карасартова журналиттерге билдирди.

Анын айтымында, сот шайлоо комиссиясынын аракеттерин башкача айтканда, Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттоону мыйзамдуу деп тапты.

«14-ноябрда Садыр Жапаров шайлоого катышарын чечкенде, ал оозеки түрдө мамлекет башчы катары ыйгарым укуктарын тапшырып жаткандыгын айткан, Талант Мамытов аны оозеки кабыл алган. Ошондо Садыр Жапаров кызматтан убактылуу баш тартты, бирок мамлекеттик коопсуздук жана башка артыкчылыктар менен колдонуп жатат. Сот ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү баарына белгилүү болгонун, бул тууралуу бардык ЖМКлар жазышканын айтты ”, – деди Рита Карасартова.

Ал белгилегендей, Клара Сооронкулова Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечимине каршы Жогорку сотко даттанат.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлердин тобу БШКга кайрылып, Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттабоону суранган. Кечээ, 12-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровду президенттик шайлоого талапкер катары каттоого каршы жазылган арызды канааттандырган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: