Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү

Бөлүшүү:

КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу 18-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Ал белгилегендей, уюшулган жумушчу топтор маанилүү стратегиялык багыттар боюнча иш алып барат.

«Экономикалык реформалардын жыйындысын өткөрүү үчүн жаңы концепцияларды, жаңы каламдарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун сапаттуу, жемиштүү жана ыкчам ишин камсыздоо абдан маанилүү. Негизги милдет катары реформаларга карата кадамдарды кардиналдуу өзгөртүү жана өркүндөтүү саналат, аларды толук жана ыраатту ишке ашыруу аркылуу реформалар чындыгында калктын жана өлкөнүн бакубаттуулугуна таасирин тийгизүүсү үчүн экономикалык жана социалдык тармактагы анын практикалык жыйынтыгына жетишүү зарыл. Бүгүнкү күндө калкты жумуштуулук менен камсыздоо негизги милдет болуп саналат. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы жумушчу орундарды түзүү, бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, инвестицияларды коргоону жана инвесторлордун бакубат ишмердүүлүгүнүн кепилдигин камсыздоо боюнча иши ириде ушул милдеттерди чечүүсү тийиш. Жарандардаын өз мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдалануусу үчүн шарттар болуусу керек», – деди Артем Новиков.

Кеңешменин жүрүшүндө КРнын Салык кодексинин концепциясынын, Лицензия-уруксаат берүү иши жана контролдук-көзөмөл тармагын оптимизациялоо жөнүндө  концепциясынын, Укук коргоо, сот органдарынын жана бизнестин мамилелерин натыйжалуу түзүү механизмдери боюнча концепциясынын, Курулуш тармагындагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча концепциянын долбоорлору каралды жана талкууланды.

Талкуу жыйынтыгы боюнча Салык кодексинин концепциясынын жана Укук коргоо, сот органдарынын жана бизнестин мамилелерин натыйжалуу түзүү механизмдери боюнча концепциясынын долбоорлору жактырылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин жыйынындагы талкууларды эске алуу менен калган концепция долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди. Кеңештин келерки жыйыны 28-декабрга белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: