Menu

Видео – Дүйнө кубогунун чемпион кыздарын күйөрмандары кучак толо гүлдөр менен тосуп алышты

Бөлүшүү:

Түндө эл аралык “Манас” аэропортунан Дүйнө кубогунун чемпион кыздарын күйөрмандары салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул тууралуу видеотасма социалдык тармактарда тарады.

Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Дүйнө кубогунун жеңүүчүлөрүн Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы Жоомарт Шамканов, балбан кыздардын ата-энелери, туугандары жана жакындары тосуп алышты. Ошондой эле аэропортко жүздөгөн спорт сүйүүчүлөрү чогулушту.

Балбан кыздарды тосуп алган эл аларга кучак толо гүл берип, алардын машыктыруучусуна ак чалпак менен чапан кийгизишти.

Белгилей кетсек, аялдар күрөшү боюнча Дүйнөлүк кубогу 14-16-декабрь аралыгында Сербияда өткөн. Кыргызстандын курама командасынан төрт балбан кыз машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында катышышты. КР аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү эки алтын жана бир коло медалга ээ болушту. 

Айсулуу Тыныбекова (62 кг салмакта) – алтын медаль, Мээрим Жуманазарова (68 кг салмакта) – алтын медаль, Айпери Медет кызы (76 кг салмакта) коло медаль утуп алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: