Түркиянын Газиантеп шаарындагы ооруканада кычкылтек аппараты жарылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты.
Окуя ишемби күнү таңкы саат 4:45 чамасында болгон. Коронавирус жуктарган бейтаптар дарыланган интенсивдүү терапия бөлүмүндөгү жарылуунун кесепетинен жеринен 7 адам каза болгон. Дагы экөө алган жаракатынан улам көз жумган. Курман болгондор 65 жаштан 85 жашка чейинки бейтаптар.
Жарылуудан соң өрт да чыгып, окуя болгон жерге полиция жана өрт өчүрүүчү топтор жөнөтүлүп, жалындаган өрттү өчүрүп калууга үлгүрүштү. Бөлүмдө COVID-19дан дарыланып жаткан дагы 14 бейтап ар кандай ооруканаларга жөнөтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ