Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 20-декабрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -3…-8, күндүз: 0… -5,
Таласта түнкүсүн: -6…-11, күндүз: -1… +4,
Баткенде түнкүсүн: 0… -5, күндүз: +2…+7,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: 0…-5, күндүз: +2…+7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -4…-9, күндүз: 0…+5,
Нарында түнкүсүн: -19…-24, күндүз: -5…-10,
Бишкекте түнкүсүн -5…-7, күндүз: 0…+2.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ