Президенттикке талапкер Садыр Жапаров үгүт иштеринин алкагында өлкө аймактарын кыдырууда. Ал жакында эле Ош облусунун Ноокат шаарына барып эл менен жолугушуу өткөрдү. Анда Садыр Жапаровго Ноокат эли кайрылуу жасады.
Алардын айтымында, Ноокатта коррупция иштери көбөйүп кеткен. Ошондой эле, элди рекеттер башкарууда.
Алар Садыр Жапаровдон коррупция менен күрөшүңүз деп суранышты.
Ошондой эле 70 жашка чыгып калган аксакал дагы Жапаровго кайрылуу жасап, Бишкек шаарды Ошко алып келүүнү суранды.
“Садыр иним, Борборду Ошко алып келиңиз. Себеби Бишкекти түтүн, туман басып жатат”, – деди тургун.
https://youtu.be/Q0S1m1RPtPs
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ