Menu

Бангладештик кыз өзүнүн үйлөнүү үлпөт тою учурунда сууга чөгүп кетип, каза тапты

Бөлүшүү:

Бангладеште үйлөнүү үлпөт тоюнда жети адам, анын ичинде колукту жана эки бала каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя өлкөнүн түштүк-чыгышында, Хатия аралына жакын жерде болгон. Анда балык кармоочу кеме менен Мегхна дарыясы аркылуу баланын үйүнө бара жаткан той кортежи суу алдындагы тоскоолдук менен кагышып, чөгүп кеткен.

Белгиленгендей, бир нече жүргүнчү жээкке сүзө алышкан, дагы бир нече адам дайынсыз. Кийинчерээк полиция жана жергиликтүү тургундар жети адамдын сөөгүн табышты.

Жээкке канча жүргүнчү сүзүп барганы азырынча белгисиз бойдон калууда.

Буга чейин, 15-декабрда, Американын Техас штатынын тургуну үйлөнүү тою болордон беш күндөн кийин коронавирус инфекциясынан каза тапканы маалымдалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: