Menu

Мамлекетчил духу жок Абдил Сегизбаев кантип уялбай президент болом дейт?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда 2021-жылы 10-январда өтчү президенттик шайлоого талапкер болуп дүрбөп чыккандардын арасында бир буту түрмөдө турган УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаев да чуркап жүрөт. Билими боюнча агроном Сегизбаевди 2005-жылы  президент Аскар Акаев пресс-катчы катары пайдаланса, Алмаз Атамбаев УКМКнын төрагасы кылып дайындап, генерал наамын берип, мамлекеттик кызматтын да, генералдык наамдын да кадыр-баркын кетиргенин билебиз.

Мындан улам Сегизбаев тууралу жайнаган суроолор пайда болот.

Абдил Сегизбаев кандайча агрономдуктан пресс-катчылыкка, андан УКМКнын төрагалыгына секирди? Бул секириктердин баары мыйзам бузуулар менен болгонун эл билбейт деп ойлойбу? Кайсы жетишкендиги, өзгөчүлүгү, таланты, билими же эрдиги  үчүн ага бүтүндөй бир мамлекеттин коопсуздугу ишенип тапшырылды?

Кандайча армияда катардагы жоокер болуп да кызмат кылбаган адам мыйзамды бузуп, коопсуздук кызматынын башчылыгына дайындалат?  Кандайча катардагы жоокер болбогон адам аскердик жогорку чин – генерал наамын алат?

Коррупция жана контрабанда менен шугулданып жаткан өзүнүн орун басарлары Болот Сүйүнбаев менен Дүйшөнбек Чоткараевди башкара албаган, аларды тыйып коё албаган Абдил Сегизбаев кантип 6,5 млн эли бар мамлекетти башкарам деп президенттик кызматка жулунуп жатат?

Абдил Сегизбаев төрага болуп турганда УКМК өлкөдөгү бардык коррупциялык схемаларга “крыша” болуп алып, бардык схемалардан “доля” өндүрүп турганын кадыр-барктуу  генералдар ачык айтып жатышат. Анан ушундан кийин ал кантип уялбай коррупция менен күрөшөм дейт?

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо, Датка-Кемин электр линиясын курууда, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун салууда, Чолпон-Атадагы ат майданын, борбор кааладагы тарых музейин реконструкциялоодо Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү жүз миллиондогон долларларды уурдаганы азыр далилденип олтурат. Бул кылмыштардын баары УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин көз алдында болуп жатты жана бул кылмыштар өзүнүн масштабы боюнча мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканына карабай Абдил Сегизбаев үн чыгарганга да духу жетпеди. Анан кантип Сегизбаев мамлекет башкарат? Ошол кылмышкерлердин баарынын бетин ачканга Сеизбаевдин (УКМКнын төрагасы, генерал) толук ыйгарым укуктары болгон. Болгону жүрөгү дааган жок. Кызматтын кулу болду. Ооз ачсам Атамбаев өзүмдү ыргыта чабат деп коркуп бүжүрөдү.

Бүгүн Сегизбаев өзүн бийликтин оппоненти катары көрсөтүп, “мени бийлик куугунтуктап жатат, шайлоо штабымдын башчысы Чоткараевди куугунтуктап жатат” деп ыйласа жанына адам чыдап тура албайт. Бирок Абдил Сегизбаев эч күнөөсүз Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Кубаныч Кадыров, Бектур Асанов, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Эрнис Карыбеков, Тойгонбай Калматов сыяктуу 30дан ашык Атамбаевдин оппоненттерин эч бир далилсиз куугунтуктап, түрмөлөрдө чиритпеди беле?

Сегизбаев Кумтөр алтын кенин коргоочу катары азыр үн чыгарып, бийликти сындай баштаганы күлкүнү келтирет. Эмесе ал өзү пресс-катчы болуп иштеген Аскар Акаевдин учурунда Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү 67%дан 12%га чейин түшүп сатылып кетпеди беле. 2008-жылы Бакиевдин учурунда Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү 12%дан 33%га көтөрүлгөн. Ал эми Сегизбаев УКМКнын төрагасы болуп иштеген Атамбаевдин учурунда Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү кайрадан төмөндөй баштап, 33%дан 26%га жеткени жамы журтка белгилүү.

Сегизбаев  4 жыл УКМКны башкарып олтуруп, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн ордуна кримтөбөлдөр Азиз Батукаев менен Камчы Көлбаевди актап, абактан чыгарышпады беле. Анда неге бүгүн “президент болсом кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөшөм” деп уялбай опурулууда.

Бүгүн Сегизбаев Раим Матраимовду азыркы бийликке байлап, кескин сынга алууда. Бирок ал 4 жыл УКМКнын төрагасы болуп олтуруп, Атамбаевге кызмат кылган Раим Матраимовду айыптаганга духу да жеткен эмес, эми гана тили узарып күпүлдөй баштады…

Дал ушул Улуттук коопсуздук кызматы Адил Сегизбаевдин төрагалыгы учурунда уюшкан кылмыштуулукка жана наркотрафикке каршы күрөшпөгөнүнөн АКШ Кыргызстандык кримтөбөл Камчы Көлбаевди “Братский круг” кылмыштуу тобуна кошуп, “кара тизмеге” киргизди.

Абдил Сегизбаев УКМКны мыкчып турганда Алмаз Атамбаев менен Кубанычбек Кулматов Раим Матраимовду бажылык коррупцияларга иштетип, “доля” алышып, коррупцияны күчөтүп, андан кийин Жээнбековго “перевод” кылып берип,  мына ошонун айынан АКШ Раим Матраимовду “Магнитскийдин тизмесине” киргизип, Кыргызстанды бүт дүйнөгө жаманатты кылды.

Ошол кезде Абдил Сегизбаев менен чоогу иштеген президент Атамбаев, премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин мэри Албек Ибраимов баштаган ондогон министрлер менен ишкана, мекеме жетекчилери бүгүн камакта олтурушат. Швециядан келген илимпоз Йохан Энгвалл “Кыргызстанда коррупция мамлекеттик башкаруунун бир жолуна айланды” деп баа берип, китеп жазып чыгарып, 2016-жылы Атамбаевге да жолугуп кетпеди беле.

Абдил Сегизбаев Кыргызстандын коопсуздугун ойлогон мамлекетчил духу бар жетекчи, чыныгы мекенчил генерал болсо, ушуларга жол бермек беле?

Ошондуктан бүгүн, 20-декабрда премьер-министр Садыр Жапаров “Абдил Сегизбаев кылмышка шектүү адам” деп баа берди. Сегизбаев да 10-январдан кийин президент болуп шайланган Садыр Жапаров коррупцияга каршы чыныгы күрөштү баштарын, анын ичинде биринчилерден болуп кылтакка Сегизбаев өзү илинерин сезип, бүгүн өмүрүндө биринчи жолу оппозициянын тонун кийип көрүүгө аракет кылууда. Бирок өмүрүндө оппозиция болуп көрбөгөн Сегизбаев куру, далилсиз сындан алыс узай албай жатат жана келечеги өтө тумандуу…

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: