Москвадагы “Ашан” гипермаркетинин кафелеринин биринде олтурган эки кыргыз мигрант жигитке орус кыз келип, орусча сүйлөп, жигитине телефон чалып алуу үчүн алардан телефон аппарат сурап кайрылат. Эч нерседен кам санабаган кыргыздар телефонун бергенден кийин алиги орус кыз досун телефондон шатырата кыргызча сөгүп кирет. Эси оогон эки кыргыз ийиндерин гана куушургандан башкага жарабай, пранктарга туш келгенин дароо эле аңдабайт. Мындай мазмундагы видеотасма социалдык тармактарда тароодо.
Этият болуңуздар! Нормативдүү эмес лексика бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ