Menu

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Арча Бешик, Ак Өргө жана Ак Ордо конуштарында жашаган №93 мектебинин окуучуларын Жаңы жыл менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-декабрда Министр Руслан Казакбаев №93 жалпы билим берүү мектебинин окуучулары менен жолугушту.

Министр КР ТИМдин жамаатынын атынан балдарды жана мугалимдер жамаатын келе жаткан жаңы жыл майрамдары менен куттуктады жана аларга ийгилик, чың ден соолук, бакубатчылык,  каалоо-тилектеринин ишке ашуусун каалады жана окучууларга, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга Министрликтин кызматкерлеринин жеке каражаттарына сатып алынган жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Министр өлкөнүн мамлекеттик органдарынын эң маанилүү милдеттеринин бири энеликти жана балалыкты ар тараптуу колдоо,  өсүп келе жаткан муунга  бакубат жана терең билим берүү менен тарбиялоо болуп саналарын белгиледи.

«Балдардын жүзүнөн жылмаюу кетпей, бактылуу болушса,  балалык мезгил жакшы иштер менен коштолуп жана тарбиячылардын, мугалимдердин, жакындарыңардын жана досторуңардын камкордугу курчап турса, бул биз үчүн бакыт. Биз силердин акылдуу, ар тараптуу өнүгүшүңөр жана сак саламатта болушуңар үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз!»

Тышкы саясий ведомствонун башчысы: «Биздин келечек силерсиңер – балдар. Окугула, өскүлө, максат койгула, кыялдангыла. Ар дайым бийик тилектерди жана максаттарды алдыңарга койгула. Эч качан максаттарыңардан кайтпагыла. Врач, мугалим, космонавт болууну кыялдангыла. Эң негизгиси өлкөгө, коомго, биздин Кыргызстандын керегине жараган адамдардан болгула», – деген тилегин билдирди.

Тилекке каршы, 2020-жыл бүткүл дүйнө үчүн, анын ичинде көп улуттуу Кыргызстандын эли үчүн сыноо жылдардан болду. Ага карабастан биздин эл бул сыноолордон татыктуу өттү. Өлкөбүздө дайыма тынчтык болсун жана гүлдөп-өссүн, ал эми  элибиз биримдикте жашасын. Элде биримдик, ынтымак болгондо гана ар кандай кыйынчылыкты жеңебиз жана заманбап доордун коркунучтары менен чакырыктарына каршы турабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: