Жарандык активисттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамдарын алып салууну талап кылышып, кол топтошууда. Бул тууралу жарандык активист Чыңгыз Капаров өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирүү таратты.
“Роза Отунбаева кайсы эмгеги үчүн 9 жылдан бери элдин эсебинен жашап келе жатат? Ал үчүн салык төлөөчүлөрдүн эсебинен ай сайын пенсиясына, жан сакчысына, унаасына жана башкаларына болуп, 1 миллион сом элдин акчасы чыгымдалат экен. Эми ага Сооронбай Жээнбеков кошулду. Биз азыр алардын экс-президент макамын алуу боюнча талаптын алдына 5 миңдей кол топтодук, 30 миңге жеткенде расмий каттоодон өткөрөбүз”, – деди Чыңгыз Капаров.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ