Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну нике аземи менен жашы жете элек кызга үйлөндү. Бул тууралуу адвокат Камил Рузиев өзүнүн Твиттердеги баракчасында жарыялады.
Анын айтымында, үйлөнгөн адам 31 жашта, ал эми кыз 16 жашта.
“Ал киши эки жолу ажырашып кеткен. Коңшуларына кыз макулдук менен турмушка чыккандыгын айтышкан. Балдар менен иштөө боюнча тиешелүү адистештирилген органдар дагы деле унчукпай жатышат. Кыздардын укугунун дагы бир бузулушу” – деп жазат Камил Рузиев.
Дважды разведенный 31-летний житель Жеты-Огузского района женился на на несовершеннолетней 16-летней девочке через обряд "нике".
Соседям сказали, что девочка вышла замуж по согласию. Соответствующие профильные органы по работе с детьми пока молчат. Вновь нарушение прав девочки— Kamil Ruziev (@RuzievKamil) December 20, 2020
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ