Menu

Кыргызстанда дагы 132 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 1 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 132 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 45, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 21, Талас облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 32, Жалал-Абад облусунан – 16, Баткен облусунан – 6, Нарын облусунан – 1 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 79 254 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 225  адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 73 005ке жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 80, Ош шаарынан – 23, Чүй облусунан – 34, Ош облусунан – 5, Талас облусунан – 6, Ысык-Көл облусунан – 28, Жалал-Абад облусунан – 24, Баткен облусунан – 21, Нарын облусунан – 4.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан Баткен облусунан 1 бейтап каза болду. Бул оордуан көз жумгандардын жалпы аны 1331ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: