Menu

Тажикстанда зордуктоого айыпталган киши мунапыс менен сот залынан бошотулду

Бөлүшүү:

Тажикстандын Гиссар шаарында сот 12 жаштагы кызды зордуктаган 42 жаштагы кишини 5 жылга эркинен ажыратып, андан соң мунапыс менен аны сот залынан бошотту.

Сот өз чечимин түшүндүрүп жатып, кылмыш 2019-жылы августта жасалганын, мунапыс жөнүндө мыйзам быйыл октябрда кабыл алынганын, андыктан айыпталуучу амнистияга илингенин айтты.

Жабырлануучунун укугун коргоп жаткан «Укуктук демилге» коомдук уюмунун юристтери өкүмгө макул болушпай, Жогорку сотко доо арыз менен кайрылышты.

Соттолуучунун туугандары пресса менен байланышуудан баш тартышкан.

Жабырлануучу кыздын айтымында, 2019-жылы жайында чоң апасыныкына барганда эки ата өткөн агасы зордуктап койгон. Өспүрүмдүн жакындары бул окуя тууралуу ал боюнда сегиз айлык баланы көтөрүп жүргөндө гана билишкен. Кыздын апасы зордуктаган киши үй-бүлөлүү жана эки баласы бар экенин айткан.

Былтыр эл аралык Хьюман Райтс Вотч укук коргоо уюму «Кадам сайын зомбулук» аттуу баяндамасында аялдарга кыйноо көрсөтүү олуттуу көйгөй бойдон калганын, бирок тажик өкмөтү аны чечүү үчүн чечкиндүү чарба көрбөй жатканын белгилеген.

Тажикстанда зордуктоо үчүн 12ден 25 жылга чейин соттоо же өлүм жазасы, болбсо өмүр бою эркинен ажыратуу каралган. Өлүм жазасына 2004-жылдан бери мораторий киргизилген.

https://www.centralasian.org/a/31008740.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: