Menu

Адвокат: Кубанычбек Жумалиевден $160 миң талап кылган алдамчы өзүн Садыр Жапаровдун жардамчысымын деп тааныштырган

Бөлүшүү:

Парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевден акча талап кылгандыгы үчүн кармалган адам өзүн Садыр Жапаровдун жардамчысы катары көрсөткөн. Бул тууралуу журналисттерге Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев билдирген.

Такталгандай, Кубанычбек Жумалиев 5-декабрда милицияга кайрылган. Финполдогу сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн үч жума бою андан акча талап кылган белгисиз адамга чара көрүүнү суранган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Опузалоо» беренеси боюнча катталды. Милиция кызматкерлери тарабынан 24 жаштагы А.Т. аттуу жаран кармалган. Ал жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Айрым маалыматтарга караганда, А.Т. эч жерде иштебейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: